Ташиев «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испанияга болгон иш сапарынын алкагында «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган эки футбол уюмунун жетекчилери, алар менен кошо Кыргызстандын жаштар курамасынын оюнчулары жана машыктыруучулук штабдын өкүлдөрү менен биргеликте «Барселона» — «Валенсия» беттешине да күбө болушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташтык боюнча бир нече маселелер талкууланды.

Тараптар «Ла Масия» академиясына Кыргызстандан таланттуу оюнчуларды кабыл алуу, машыктыруучуларды даярдоо боюнча консультацияларды уюштуруу, футбол фунцкионерлери үчүн семинарларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен ишмердүүлүктүн башка маселелерин карашты.

Белгилесек, «Ла Масия» «Барселона» академиясынын дүйнөгө белгилүү эң мыкты академиясы болуп, көптөгөн футбол жылдыздарын жандырды.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы «Барселона» футбол клубунун жаштар курамы менен беттешет. Оюн академиянын оюн тааласында орун алып, биздин кураманын Азия Кубогуна болгон даярдыгынын алкагында өтөт. Аталган оюнга КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы күбө болот

Related posts

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө

admin

Камчы Көлбаевге байланышы бар… Орусиялык жеке ишкер Павел Тё издөөгө алынды

admin

УКМК Академиясын негиздеген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирүү

admin

Комментарий