Бишкекте өтчү Евразия өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын алкагындагы «Эхо Евразия-Кинофест» кинофоруму жаш режиссерлорду колдоого алат. Бул тууралуу «Евразия. Кыргызстан» кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Иш-чараны «Евразия» коммерциялык эмес уюму уюштурууда. Урумкулованын айтымында, форум Евразия өлкөлөрүнүн кинорежиссерлору жана көрүүчүлөрү үчүн тажрыйба алмашууну камсыздайт жана профессионалдык байланыштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Форумга Кыргызстан менен Россиянын эле эмес, ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин да кино тармагынын өкүлдөрү келет. Иш-чара тажрыйба, идеялар жана практикалык билимдер менен алмашуу үчүн мейкиндик болуп бермекчи. Негизги максаты Евразия өлкөлөрүнүн кинематографиялык потенциалын өнүктүрүү, чыгармалары аймактын маданий мурасына маанилүү салым боло ала турган жаш жана таланттуу режиссерлорду колдоо болуп саналат. Салттуу баалуулуктар менен заманбап технологиялар кинодо кантип жанаша жашай алары, ошондой эле искусство аркылуу көрүүчүлөрдүн кабыл алуусун кантип өзгөртүү керектиги талкууланат», — деди Урумкулова.
Ал форумдун алкагында сахнада сүйлөө жана актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстар өтөрүн белгиледи. Мындан тышкары, катышуучулар прокат, фестиваль жана онлайн-платформалар боюнча тегерек столдорго катыша алышат.
Белгилей кетсек, форумдун алкагында 2-февралдан 4-февралга чейин режиссер Нурлан Анарбаевдин «Рахмат, тренер!», Паираф Шарифовдун «Унгерия», Руслан Акундун «Бейиш эненин таман алдында» жана башка бир катар тасмалар көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.