Бейшеналиев эмне үчүн кетти? Депутат өз версиясын бөлүштү

Депутат Камила Талиева бүгүн, 3-февралда Алымкадыр Бейшеналиевдин депутатка берген жообуна аябай таң калганын айтты.

«Депутат «Кыргыз фармациянын» жетекчисин эмне үчүн кызматтан алып койдуңуз деп сурады. Ар кандай министр минтип жооп бербеши керек. «Бар, президенттен сурап ал» дегени туура эмес. Мен ошол депутаттын ордунда болгонумда министрди залдан кууп чыкмакмын. Президент айткан күндө да аны андай жол менен сатпашы керек. Бул министрдин сөзү эмес. Тарых алдында уят», — деди депутат Талиева.

31-январда депутат Айсаракан Абдибаева министр Алымкадыр Бейшенлиевден «Кыргыз фармациянын» жетекчисин эмне үчүн кызматтан кеткенин сураган. Ал «Садыр Нургожоевичтен сураңыздар» деген. Депутат айым дагы бир тактаган. «Айта албайм. Садыр Нургожоевич мага бир сааттын ичинде кызматтан кетир деди, кетирдим» деген Бейшеналиев.

Related posts

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы менен жолукту

admin

Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды 

admin

Салык кызматы 21 миңден ашык ишкерди тизмеден чыгарат

admin

Комментарий