Салык кызматы 21 миңден ашык ишкерди тизмеден чыгарат

жеке ишкерлердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жол-жобосун жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын алкагында Салык кызматынын расмий сайтында иштебеген юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин жаңы тизмеси жарыяланды.

Аталган тизмеде жалпы 21 миң 584 салык төлөөчү бар. Анын 8 712син юридикалык жак жана 12 миң 872син жеке ишкер түзөт.

Эми аймактык салык органдарына 30 календардык күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берилет.

“Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, тиешелүү негиздери же талаш маселелери жаралган учурда мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен салык органдарына кайрылууга укуктуу”, — деп белгиленет маалыматта.

Салык төлөөчүлөр бул тизме менен sti.gov.kg сайтындагы “Башка бөлүмдөр” бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу тааныша алышат.

Related posts

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

admin

Садыр Жапаров Токаевди жеңиши менен куттуктады

admin

 Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

admin

Комментарий