17-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.

Related posts

Бишкекте 2,5 миң окуучу хор менен Манас айтты

admin

ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

admin

Бишкекте 6-апрелде күн жылуу болуп, +24°C чейин жетет

admin

Комментарий