УКМК: Жол чарба Департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Талас облусу боюнча аймактык бөлүмүндө коррупциялык схеманын бети ачылды.

Тактап айтканда, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык №3 бөлүмүнүн башчысы К.К.О, Талас облусундагы автожолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштерди сын–пикирлерсиз кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын башчыларынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алганы аныкталган, бул асфальтталган жолдордун сапатына терс таасирин тийгизген

Бул факты боюнча 2025-жылдын 11-февралында  кылмыш ишинин алкагында аталган К.К.О. кармалып,  Талас шаары боюнча ИИБдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

КР УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу 312660475 телефон номери аркылуу маалымдоого чакырат. Анонимдүүлүк кепилденет.

Related posts

Ак-Суу районунда селден улам жараксыз болуп калган көпүрө жаңы салынды

admin

Улуу Британияда семиз кишилерге айып пул салуу сунушталды

admin

УКМК: Тилекмат Кудайбергенов Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алып келинди — ВИДЕО

admin

Комментарий