Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 13-14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын райондук аскер комиссариаттарында, ошондой эле Токмок, Кемин, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунда коомдук-профилактикалык иш-чаралар жана сабактар өткөрүлдү.

Сабак коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
Тактап айтканда, өздүк курамга 10.01.2025-ж. күчүнө кирген, 31.12.2024-жылдагы № 209 коррупцияга каршы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди:
-КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-348-беренелерине ылайык, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу милдеттүү болуп саналат жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат;

-КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-348-беренелерине ылайык, адам күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө келишим түзгөн учурда, сот жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындайт;
-95-берене — адам соттуулугу жок деп эсептелет, ал эми соттуулугу жоюлган, эгерде ал жазадан бошотулгандан, жазасын өтөгөндөн же аткарылгандан кийин өтүп кетсе… 336 – берене алынып салынат;
-340-берене- кызмат адамынын акыркы эки жыл иштегениндеги мыйзамдуу булактар менен ырасталган расмий кирешесинен ашкан мүлктүн менчикке (пайдаланууга) сатылып алынышы же мындай мүлктү жакын туугандарына же башка адамдарга өткөрүп бериши (2 жылдан 8 жылга чейин);
— айыптар алынып салынат: мисалы, 342 жана 343-беренелери — 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо;
-«КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» КР Мыйзамы, (09.02.2009-ж., №2, 116-берене.) төмөнкүдөй өзгөртүү: 24-берене. Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жарандарга коюлуучу талаптар, 2-пункт.Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жарандар кабыл алынбайт: — соттуулугу бар, анын ичинде соттолгондугу алынып салынган же жоюлган; жазык иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган; жубайы, ошондой эле жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык соттолгондугу жоюлбаган же алынбаган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү деп таанылган;

-«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2011-ж., №7, 1001-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-бөлүк-соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлбаган адамдар шайланууга укугу жок. 6-1-бөлүк менен толукталсын. Соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар; же болбосо аталган кылмыштар боюнча жазык иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулгандыгына карабастан; (соттук аткаруучулар жөнүндө, укук коргоо органдары жөнүндө, ЖӨБ жөнүндө, Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө ж.б.) шайланууга укугу жок.