КР УКМК: Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды

   УКМК Ош ШИИБи менен биргеликте адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандарды кармады.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп автомашинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер: 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экендиги аныкталды. Алар аталган К.Д.У.ну Ош облусунун Өзгөн районуна карай алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан.
Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер аныкталып, кармалган жана К.у.Т. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

admin

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

admin

Өлкөдө түнү жер титирөө катталды

admin

Комментарий