Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-ноябрда, Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан Режеп Тайып Эрдоганды жана боордош түрк элин Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады. Президент эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстан Түркия менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууда.

Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки тараптуу мамилелердин алдыга умтулган өнүгүү динамикасына канааттануусун билдирип, аларды мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.

Related posts

УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду

admin

Депутат Жаныбек Абиров кафенииин кызматкери менен мушташты

admin

Баткенде Молдо Нияз атындагы айыл аймагы болот: Айрым айыл аймак жана айылдардын аталышы өзгөрөт

admin

Комментарий