Акча талап кылган. Интернет-шылуундукка шектелип 19 жаштагы бала кармалды

Маалымата ылайык, 12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө билдирүүлөр жөнөтүлгөн абоненттик номерлер жана мобилдик телефондор аныкталган.

«Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы Э.Э. аттуу жаран кармалды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Нарын облусу боюнча жаңы имаратын ачты

mediaportalk

КР УКМК: Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

mediaportalk

10-декабрга карата аба ырайы

mediaportalk

Комментарий