Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кабарда бул бир күндүк сапар экени айтылган. Касымалиевди аэропорттон коңшу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.

Сапардын алкагында Касымалиев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшөрү каралган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланары айтылды.

Мындан тышкары, Касымалиев Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине бармакчы.

Related posts

Президент Бишкектеги мектептердин биринде диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабака пландан тышкары катышты 

admin

Садыр Жапаров Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрдү

admin

Президент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду

admin

Комментарий