ЕЭК чечимин аткарбаган мамлекеттик органдар кандай жазаланары айтылды

 ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн негизинде адилеттүү атаандаштык жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган.

ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментинин директору Жанар Адикованын айтымында, комиссиянын чечимдерин аткарбагандарга айып салуу каралган.

«ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, комиссиянын чечимдерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган мамлекеттик органдар үчүн жоопкерчилик каралган. Бул өзгөртүүлөр иш козгоо, айып салуу жана улуттук органдарга мажбурлап аткарууга жиберүү процедуралары камтылган. Айып салуу тартиби комиссияга талап кылынган маалымат берилбеген учурлардагы чараларга окшош механизмде жүргүзүлөт. Ушул түрдөгү мыйзам бузуулар боюнча мөөнөт бир жылды түзөт. Ал эми айыптын суммасы мыйзам бузуунун мүнөзүнө жараша аныкталат, мында жеңилдетүүчү же оорлотуучу жагдайлар каралышы ыктымал», — деди Адикова.

Related posts

Эл артисти Талгарбек Жакшылыков көз жумду

mediaportalk

Түрмөдөн качып, издөөдө жүргөн шектүү кармалды

mediaportalk

УКМК: Баткен шаарында жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча

mediaportalk

Комментарий