КР УКМК: Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.
   2004-жылы аталган объект Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Ч.А.Т.нын жакын тууганы тарабынан жеке менчикке менчиктештирилген.
   Көрүлгөн чаралардын негизинде Кемин шаарындагы Жаштык кичи району дарегинде жайгашкан 0,40 гектар аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды. 
   Ошону менен бирге Кемин шаардык мэриясына аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесин реконструкциялоо жана куруу маселесин тез арада Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын кароосуна алып чыгуу сунушталат.

Related posts

27-мартка карата аба ырайы

admin

Чехиялык бийкеч «Дүйнө сулуусу» аталды

admin

УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий