Ооган аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленди

2025-жылдын 13-февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Ооган Демократиялык Республикасынын аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата өздүк курамы менен ардактуу ардагерлер, запастагы генерал-полковник А.Чотбаев, запастагы полковник В.Славский жана А.Маманов, «Афганистан бизге жылдар бою тартылат» аттуу патриоттулук темада маек курушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Ооган согушу окуяларынын хронологиясын эскеришти, советтик аскерлердин Афганистанга киргизилишинин себептери жана советтик аскерлер менен Афганистандын өкмөттүк аскерлеринин биргелешкен согуш аракеттери жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, интернационалист жоокерлердин окуяларына, алардын эрдигине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарада архивдик документалдык хрониканын кадрлары колдонулду.

Related posts

«Мадина» базарынын кожоюну камакта калтырылды. Аны соттон “Тез жардам” алып кетти

admin

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Москвада кыргызстандык жаран «Крокустагы» теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалды

admin

Комментарий