Трамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти

Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти, Россиянын президенти менен алдыда болуучу диалог эми өтө маанилүү болот. Мындай пикирин АКШ лидери Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.

«Чечүүчү баскычка келип калдык жана Россия менен Украина маселесин толугу менен жөнгө салууну каалайбыз. Муну Украина да, башка оюнчулар да каалаганын билип турам. Бул макулдашууга кол коюшубуз керек. Кээде жумасына эки миңден ашык киши каза болуп жатат. Мунун баарын ойлоп турам. Соңку келишимдин көп жерлери макулдашылган, бирок бир тобу бүтпөгөн бойдон калууда», — деген Трамп журналисттерге.

Президент Украинанын тегерегиндегилерге каршы активдүү кадамдарды жасабоого Россияны «ынандыра аларын» жар салды.

«Өтө оор акыбалда калган аскерлерди куткаруу үчүн Россиянын президенти менен эртең сүйлөшөм. Алар россиялык күчтөрдүн курчоосунда калды. Эгерде мен болбосом, алар тирүү калбайт эле. Азырынча эч нерсе кылбай тургула деп аларды көндүрө алдым», — деген АКШ президенти.

Трамп Украина армиясынын Курскидеги ийгиликсиз кадамы Вашингтондун Киевге жардамын токтотуп салганынан улам болгон жок деп белгиледи. Ак үйдүн башчысынын айтымында, АКШ Украинага ишти туура алып бар деп мажбурлашы керек эле, бирок бул оңойго турган эмес.

Related posts

Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстандын 8 жараны коопсуз жайга эвакуацияланды

admin

Бишкекке 20 жаңы автобус келди 

admin

УКМК: 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий