КР УКМК: Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында А.Ж. акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жер тилкесин белгиленген тартипти бузуу аркылуу төмөндөтүлгөн нарк боюнча алып коюу фактысы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «А.Ж.» АКсына (мында акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча орган болгон) автотранспорт ишканасын түзүү жана автотранспортту токтотуу үчүн максаттуу багыты бар 5,5 Га жер тилкесин өткөрүп беришкендиги аныкталган.
Андан соң, мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органга таандык акциялардын үлүшү акционердик коомдун башка катышуучулары тарабынан, сатуу учурунда колдонулган жол-жоболорду бузуу менен төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатылып алынган. Ошол эле учурда бөлүнгөн жер тилкеси А.Ж. АКнын менчигинде толук бойдон калган, көрсөтүлгөн фактылардын натыйжасында мамлекетке материалдык зыян келтирилген.
Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган объектинин ээси А.А.К. аттуу жаран аталган мүлккө ээлик кылуунун жана пайдалануунун мыйзамсыздыгын моюнга алган. Мындан улам, А.А.К. акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 га жер тилкесин бөлүп берүү жана бардык курулуштары менен 3 га жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алды.
Бүгүнкү күндө бул объект КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
КР УКМК иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды, ошондой эле ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Related posts

Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту 

admin

«Мурдагы бийлик тушунда салынган». Министр талкаланып калган жол боюнча үн катты

admin

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. Кеңештердин уюштуруу сессияларынын биринчи күнүндө 51 төрага шайланды

admin

Комментарий