Бишкекте «Жашыл технологияларды өнүктүрүүдө аялдардын инновациялык идеялары” аттуу иш-чара өтөт

2024-жылдын 9-февралында Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо Илимдеги аялдардын жана кыздардын Эл аралык күнүнө арналган “Жашыл технологияларды өнүктүрүүдө аялдардын инновациялык идеялары” аттуу иш-чара өтөт.

Иш-чаранын максаты — туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика тармагында инновациялык чечимдерди иштеп чыгуучу изилдөөчүлөр жана ойлоп табуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Иш-чара катышуучуларга жашыл технологиялар тармагында иштеген башка аялдар менен тажрыйба алмашууга, кесиптик байланыш тармагын кеңейтүүгө, алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга жана долбоорлору үчүн жаңы идеяларды алууга мүмкүндүк берет.

Орду: Инновациялык борбор
Дареги: Эркиндик 58/а
Убактысы: 10.00 — 15.00

Related posts

Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

admin

Шакиев Венада Австрия, Чехия жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушту

admin

Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду

admin

Комментарий