Кытай министри Пекин Москваны толугу менен колдой турганын айтты

Россия менен Кытайдын мамилеси бекем жана туруктуу, Пекин Москваны колдойт. Бул туурасында Кытайдын ТИМ башчысы Ван И айтканын РИА Новости жазды.

«Кытай-Россия мамилеси бардык багытты камтыган өнөктөштүк менен коштолгон. Стратегиялык өз ара алака эл аралык бир топ чайпалуулардын сыноосунан өткөн. Убакыт менен калчанып, ыйык Тайшань тоосундай бекем турат. Өзүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын дипломатиялык кадамдар менен коргогон Россияны толугу менен түнүшүп, колдойбуз», — деген Ван И.

Ал АКШнын президенти Дональд Трамп Москваны коргойм деген нерсе аркылуу аны Пекин менен араздаштырууга аракет кылып жатат деп айтылгандарды сынга алды.

«Россия тарап да, кыязы, саясатта эмоцияга жана чуулгандуу билдирүүлөргө басым жасаган адамдарды эске алгандай» деп белгилеген министр айрымдар Кытай менен АКШнын мамилесин тескери багытта өзгөртүүгө байланыштуу талкууларды кайрадан жандандырып, ага ашыкча маани берип жатканын айткан. Ал эл аралык саясаттын соодага айланып кеткенин жана блоктук, каршылашкан ой жүгүртүү кайрадан жанданып жатканын сындаган.

Эске салсак, Ван И Россияга кечээ, 31-мартта, РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун чакыруусу менен келген. Расмий сапары 2-апрелге чейин болот.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, РФ президенти Владимир Путин кытай министрин кабыл алышы мүмкүн.

Related posts

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

admin

Рейд жүрүүдө: Кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурда 10 миң сом айып пул салынат

admin

Акция! Садыр Жапаров ID карттарды 31-августка чейин бекер алмаштырууга болорун айтты

admin

Комментарий