PISA-2025: өлкөдө бир ай бою өспүрүмдөрдүн билими, көндүмдөрү изилденет

 Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025 ((Programme for International Student Assessment) изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Тестирлөөгө 197 билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6700дөн ашуун окуучу катышат. Ал үчүн 14 мобилдик топ түзүлүп, 308 ноутбук даярдалган.

«Тестирлөө 30-апрелде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

PISA — окуучулардын билимин баалоочу эл аралык программа. Ал окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билимин баалоону көздөйт.

Кыргызстан бул программага 2006-жылы жана 2009-жылы катышып, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген.

Related posts

КР УКМК: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 2 чет элдик жаран кармалды

admin

Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

admin

10 жыл мурда Кыргызстандан Түркияга барган Анастасия Метин айыл башчы болуп шайланды

admin

Комментарий