ТИМ Россиядагы мигранттардын балдары мектепке кирерде тест тапшырарын эскертти

 Россиянын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө киргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскертти.

Экзамен оозеки жана жазма түрдө болуп, акысыз жүргүзүлөт. Биринчи класска кире турган балдар оозеки гана сынактан өтөт. Мунун баары аудио жана видеокөзөмөлгө жазылат.

Сыноодон өтпөй калгандар үч айдан кийин гана кайра тапшыра алат.

Тесттен өтүү үчүн керектүү документтердин тизмеси:

арыз ээсинин (ээлеринин) бала менен туугандыгын же баланын укуктарынын өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

баланын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн (өкүлдөрүнүн) Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

баланын мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

баланын өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлдөрүнүн), салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо), ошондой эле жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо) ыйгарылганын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

баланын башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулары жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;

ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) эмгектенгендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

Related posts

Кыргызстанда УКМК жана ФСБ академияларына кабыл алуу башталды

admin

Энергетика каатчылыгы: Өкмөт кыш катаал болорун, жарык өчүрүлөрүн эскертти

admin

Мексикада түнкү клубдун айнек балкону сынып кетип, 3 адам каза болду

admin

Комментарий