Кемпир-Абад боюнча чындык

Бул суу сактагыч убагында Өзбекстандын эгин талаалары үчүн курулган. Плотина алардын аймагында жайгашкан.
Курулган күндөн тартып Өзбекстан пайдаланып келет.
Жаанчыл жылдары суунун көлөмү көтөрүлүп, кыргыздардын айдоо жерлерин басып кетчү.
Эч ким Өзбекстанга доомат кыла алган эмес.
Суу сактагыч курулгандан бери Кыргызстан пайдаланган эмес. Бул факт!
Жергиликтүү жашоочулар жээгине бара алчу эмес. Балык кармайм, деп кирип алгандарды өзбектер кармап кетчү.
Азыр кандай болгону жатат?
Суунун көлөмүн эки мамлекет бирге контроль кылат.
Мурдагыдай айдоо жерлерди суу басып кетпейт. Эгер суу көлөмү көтөрүлүп бара жатса, бир нукта кармалат.
Каалоочулар балык кармап, кайыктар менен сүзүп жүрө алат.
Азыркы келишим боюнча, айдоо жерлерге каалаган жерден суу түтүктөрүн тартып пайдалансак болот.
Плотина Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Келишим ратификация болсо, алардын аймагына биздин чек арачылар кирип, плотинаны чогуу карашат.
Мындай келишим Кыргызстан үчүн, албетте, пайдалуу


Related posts

УКМК: Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

УКМК: Баасы 18 млн. АКШ долларынан ашуун Ош шаарындагы «Ош-Нуру» мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Орусиядан 72 миң кыргызстандык мигранттар массалык кайтарууга дуушар болушу ыктымал

admin

Комментарий