Трамп Украинадагы чатакты Байдендин согушу деп атады

АКШ президенти Дональд Трамп көптөрдүн өмүрүн сактап калуу үчүн токтотууга аракет кылып жатканын белгилеп, Украинадагы чатакты Американын мурдагы башчысы Жозеф Байдендин согушу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

«Бул менин эмес, Байдендин согушу. Байдендин мезгилинде башталган… Мен көп өмүрлөр кыйылып кетпеши үчүн болгону аны токтотууга аракет кылып жатам», — деген америкалык лидер Ак үйдүн ишин чагылдырган журналисттерге.

Трамп мурдараак Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудагы дурус жылыштар тууралуу комментарий берип жатып, бардыгы жакшы болуп жатат деп айткан. Бул маселеге байланыштуу жакын арада жаңылыктар да болорун кошумчалаган.

Өткөн жума күнү Россияга Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келген. Ал РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. Кремлдин сайтында андагы негизги тема Украина чатагын жөнгө салуу болгондугу жазылган. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Уиткоффтун сапары боюнча өзгөчө секирик жасаган жыйынтыкты деле күтө бербөөгө чакырган.

Related posts

Милиция проверяет информацию о стрельбе на западе Бишкека

admin

Резидентами Парка высоких технологий стали 325 отечественных и зарубежных компаний, — Минэкономики

admin

Задержан акын Болот Назаров. Его подозревают в том, что он отнял жеребца у подростка

admin

Комментарий