22-апрелге карата аба ырайы

 22-апрель, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас аймагында +13…+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+21 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө +12…+17, Нарын өрөөнүндө +8…+13 градуска жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +17…+19 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Related posts

Аскар Акаевдин кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган

admin

УКМК: 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна тоо боорунан топурак, таштар кулады

admin

Комментарий