Аскар Акаевдин кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган

Экс-президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты журналисттерге 13-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов тастыктады.

«Кылмыш ишинин алкагында Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган”, — деди ал. 

Кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

Related posts

Жолду капиталдык оңдоо: Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

admin

17-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 15 документ кабыл алынды  

admin

Комментарий