УКМК: Баткендеги арак-коньяк заводу мамлекетке кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу” боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Чоң-Талаа айылында жайгашкан жана учурда иштеп жаткан «Арак-Коньяк Заводун» мамлекеттин балансына кайтарды.

Маалым болгондой, бул завод 1997-жылы жергиликтүү тургундардын элдик жыйынынын протоколдук чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсынын карамагына мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн. Ал эми 2006-жылы аймактын №07/30 токтому менен 2,89 гектар жер аянты чет элдик катышуусу бар жеке компанияга арзан баада сатылып кеткен.

УКМК жүргүзгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган заводдун уюштуруучулары жана директору заводдун бардык мүлкүн жана жер тилкесин ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансына өткөрүп беришти.

Related posts

Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

admin

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды

admin

КР УКМК: Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий