КР УКМК: Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды

  КР УКМК тарабынан кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурдагы Нарын темир-бетон заводу, ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га кум карьери мамлекеттин балансына кайтарылды.
    2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен       "Мунара Курулуш" акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы "Запин" участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары "Мунара курулуш" АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен.
     Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына  катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзгөн.

Related posts

Бишкекте 7 жаштагы баланы урган жаран кармалды

admin

Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл III болду

admin

Айыл чарба министрилиги жакынкы арада дыйкан-фермелерге 12 миллионго жакын сапаттуу көчөт сунушталаарын жана 200 миң уй жасалма уруктандырылаарын кабарлады

admin

Комментарий