УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөр мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу имаратты менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталып, бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясынын жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө туризм тармагынын кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо жана профсоюздук колдоо үчүн имарат Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясынын «Кыргызтуризм» башкармалыгына өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Учурда «Тукана» кофейнясы жана юридикалык компания жайгашкан биринчи кабатты кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Бул багытта 1-кабаттагы жайлардын азыркы ээлеринин жана башка адамдардын мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар-жогу текшерилип, жыйынтыгында алардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралат.

Андан ары, аталган башкармалыктын мурдагы жетекчиси Т.К.А. жеке кызыкчылыктарды көздөп, аталган объектини жеке менчикке чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп, аффилирленген жактарга жана өзүнүн туугандарына жол-жоболоштурган.

Кийинчерээк имараттагы жайлар 3 башка адамга сатылган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында экинчи кабаттын  учурдагы ээсине сатуунун суммасы кайтарылды жана ал өз ыктыяры менен жана кайтарымсыз негизде аталган 218,7 чарчы метр объекти (экинчи кабаты толугу менен) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берди.

Related posts

КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду

admin

УКМК өкүлдөрү КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жетекчилеринин жыйынына катышты

admin

КР УКМК: Баасы 5 млн. АКШ долларын түзгөн «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий