УКМК жасалма виза даярдоо каналын токтотту

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан активдүү иштердин алкагында Бангладештин Х.М.М. аттуу жараны аныкталып, ал мекендештерине акчалай сыйлык үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Х.М.М. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек мигранттарын легалдаштыруу үчүн 66 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып, материалдык пайда алуу максатын көздөп, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөн.

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, ошондой эле жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.

Аталган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине киргизилди жана  учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК бардык чет өлкөлүктөрдү жана уюмдарды кабыл алынган жаңы миграциялык эрежелердин алкагында тиешелүү уруксат кагаздарын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталына гана кайрылууга чакырат.

Related posts

Акылбек Жапаров Ноокаттагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

admin

3-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Орунтаев: көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот

admin

Комментарий