УКМК: Бишкекте синтетикалык  баңги заттарын жеткирүүчү эл аралык канал аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, баңги каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы туруу жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин ишке ашырып, анын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында «Соль» тобундагы синтетикалык баңги заттарды жеткирүүнүн эл аралык каналына бөгөт коюлду.

Операциянын жүрүшүндө К.Д.Г. жана Б.Б.Р. аттуу эки КР жараны кармалган, алар баңгизаттарды сактоону, таңгактоону жана жакынкы чет өлкөлөргө андан ары ташууга даярдыкты камсыз кылган «складды» уюштурушкан.

Тактап айтканда, 2 килограмм «соль» баңги заты Россиядан жеткирүү кызматтары, анын ичинде «Карго» жана «Яндекс.Такси» аркылуу тиричилик техникасынын ичине жамынып алып келингени аныкталган. Партиянын бир бөлүгү Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында сатууга, калган бөлүгү Өзбекстанга экспорттоого арналган.

Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды

admin

УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

УКМК: Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырган жалганчы кармалды

admin

Комментарий