УКМК: Каракол шаарында «Асыл мурас» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Асыл мурас” балдар бакчасы пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев, Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигенов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Аталган бала бакчанын курулуш иштери 2024-жылдын 1-июнунда башталган. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. 3 жаштан 6 жаш курактагы 100 балага ылайыкталган. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси үч кабаттан туруп, ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.
Салтанаттуу иш-чарада УКМК төрагасы К.Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, келечектин тиреги болгон жаш муунга мамлекет камкордук көрсөтүү менен, тийиштүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экендигин белгиледи. Андыктан өлкө аймактарындагы бала бакча көйгөйүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имараттар курулуп жаткандыгын кошумчалады.
Мындай аракеттер кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кам көрүү менен, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө болоору белгиленди.

Related posts

Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады

admin

КР УКМК: Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

admin

Төрт-Көчө маселеси кандай чечилет? Президенттин жообу

admin

Комментарий