Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев 2022-жылы Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун белгилеп: “Бирок биз бир тууган, боордош элбиз. Байыркы тарыхый байланыштарыбыз терең. Андыктан, Венгрия менен эки тараптуу, кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдарбыз”, – деди.

Муну менен катар 2021-жылы Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылганын эске салган төрага жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тараптуу иш сапарлар да өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Парламенттер аралык байланыштар тууралуу да кеп кылган Нурланбек Шакиев депутаттык достук топторунун да тармактык комитеттердин алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүү керектигине токтолду.

Жолугушууда экономикалык алакалар боюнча да айтылып: “Бул жаатта мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң экенине карабай, экономикалык байланыштарыбыздын деңгээли өтө төмөн. Андыктан, аталган багытта жигердүү иш алып барып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүбүз кажет”, – деди төрага.

Андан тышкары, боордош эки элдин маданий байланыштарын чыңдоо маселеси да артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, өзү студент кезинде венгер акыны Шандор Петёфинин чыгармаларын көп окуганын эске салды. “Кыргыз жана венгер акын-жазуучуларынын чыгармаларын эки тилге которуп, руханий байланыштарыбызды чыңдашыбыз зарыл”, – деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде элчи Шандор Дороги да айтылган сунуштар өтө маанилүү экенин белгилеп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Венгриядагы орто мектептерде окутуларын кошумчалады. “Улуу калемгер аркылуу биз Кыргызстанды жана ушул чөлкөмдөгү боордош элдерди тааныганбыз”, – деген элчи акын Шандор Петёфинин чыгармалары кыргыз тилине которулуп, басылып чыкканын маалымдады.

Ошондой эле эки өлкөнүн алакасы акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын айткан Шандор Дороги: “Ушул жылдын февраль айында сиздин Венгрияга пландалган иш сапарыңыз саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө терең ишенебиз” – деди.

Related posts

КР УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

КР УКМК: Сокулук районунун мурдагы чиновниктеринин жакын туугандары, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди

admin

Москва жана Москва облусунун аймагына контртеррордук операция режими кирди 

admin

Комментарий