КР УКМК: Токмок шаарынын тургунун сабаган топко шектелгендерди кармоо боюнча

2025-жылдын 3-июнунда КР УКМК жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Токмок шаарынын тургунун топ менен сабаган деп шектелген адамдар аныктап, кармалышты.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 27-майынан 28-майына караган түнү Токмок шаарындагы «Караван-Сарай» кафесинин аймагында болгон. Жабырлануучу Кыргыз Республикасынын жараны 2005-жылы туулган Ж.Т.га белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон.
Бул факты боюнча жабырлануучунун жакындары арыздангандан кийин сотко чейинки иликтөө иштери башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында УКМКнын жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары С.Б., А.А. жана К.Н. аттуу 3 адам кармалды.
Аталган адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен (топтук бейбаштык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жабырлануучу КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургия бөлүмүндө жаак сыныгы диагнозу боюнча стационардык дарыланууда.
Укук коргоо органдары тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Related posts

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди

admin

Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

admin

ИИМ:  Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

admin

Комментарий