Алымкадыр Бейшеналиев быйыл мамлекеттик мекеме ЭКО жасай баштарын билдирди

Депутат Айсара Абдибаева Адамдын репродукциясы боюнча Кыргыз илимий борбору эмне иш кыларына кызыкты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында депутат айым аталган борбор репродукция тармагында да, экстракорпоралдык уруктандыруу тармагында да илимий изилдөөлөрдү жүргүзбөй жатканын белгиледи.

«Борбор өз максатына ылайык иштебей жатат. Жарандарыбыз башка өлкөлөргө ЭКО үчүн барышат. Анда жөнөкөй төрөт үйүндөй иштеген бул илимий борбор эмнеге керек», — деди Абдибаева.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордун иши азыртадан эле прокуратура тарабынан текшерилип жатканын билдирди. ЭКО боюнча ал быйыл керектүү жабдыктар алып келинип, андан соң биздин өлкөдөгү мамлекеттик мекемелерде экстракорпоралдык уруктандыруу жүргүзүлүшү мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, Япония жабдууларды берүүгө даяр.

Related posts

Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алууда депутаттарга кысым болгонбу?

admin

Шакиев Түркиядагы медициналык университеттин ректорун кабыл алды

admin

Биринчи Элдик курултай 5-ноябрда өтөт

admin

Комментарий