КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 400 гектар жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

     КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусу, Сокулук району, Күн-Туу айыл өкмөтү, Маловодное айылы, Пролетарская көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.
      Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы №38 чечими менен АСК «Победа» ЖЧКсынын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизингде 2 кабаттуу типтүү бала бакчанын имаратынын пайдалуу аянты 983 кв.м. Ж.С. аттуу жарандын менчигине бекитилген. Ошол эле учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-мартындагы №18 токтому менен бала бакчанын имаратынын жанындагы 5096,0 кв.м. жер аянты аталган жеке тарапка дайындалган.
      Аталган социалдык объектини менчиктештирүү иштери, Кыргыз Республикасынын Президентинин 16.02.1995-ж «Социалдык инфраструктуралык объектилерин андан ары пайдалануу шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» №37- Жарлыгынын жана Кыргыз Өкмөтүнүн 421-ж. 09.10.1995-ж. «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктура объекттерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун ченемдерин бузуу менен ишке ашырылган, ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелеринин массалык жабылышын жана сатылышын болтурбоо максатында, социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык фонддогу мамлекеттик үлүшүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес болгон.
      Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 9-июнунда аталган социалдык объектинин ээси Ж.С. өзүнүн бул мүлккө ээлик кылуудагы мыйзамсыздыктарды түшүнүп, өз ыктыяры менен жогоруда аталган социалдык объектини мамлекеттин балансына кайтарып берди.
      Учурда бул социалдык объект иштебей турган. Ушуга байланыштуу балдарды мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен бала бакчаны анын функционалдык максатына ылайык иштетүү маселеси каралууда.

Related posts

Ташиев кармалган салык кызматкерлеринин коррупциялык схемасынын чоо-жайын ачыктады

admin

Мэрия менен Панфилов паркы аттракциондон кулаган кыз боюнча үн катты

admin

23-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий