УКМК: КР жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана ортомчулук кызматты аркалаган жарандардын ичинен жеке баюу максатында чет өлкөлүк жарандардан Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөөдө опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын жарандары М.Д.М., А.Э.А., М.З.А. жана С.к.С. чет өлкөлүк жарандар менен байланыш түзүп, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча өз кызматтарын сунуштап, бул үчүн 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын которуу учурунда аталган адамдар кармалып, КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Related posts

Россияда мигранттарды кошумча медициналык текшерүүдө акы алынбай турган болду

admin

Бишкекте 37 жаштагы келин 3 эм төрөдү 

admin

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

admin

Комментарий