Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады 

Улуттук банк кечээ, 10-январда, валюта рыногуна 104 миллион 250 миң доллар сатты.

Бул каржы регуляторунун тарыхындагы рекорддук көлөм. Буга чейин эң ири интервенция өткөн жылдын аягында, 20-декабрда, 87,5 миллион долларга жасалган.

Буга чейин Улуттук банк накталай чет элдик валюта тартыш болуп жатканын, ал эми накталай эмес формада жетиштүү экенин билдирген. Адатта интервенциялар боюнча маалымат накталай эмес формадагы операцияларды көрсөтөт.

Өткөн жылы башкы банк 486,5 миллиондон кем эмес доллар сатса, 190,7 миллионго жакын доллар сатып алган.

Алтын-валюта резерви (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка алмашуу курсунун өзгөрүүсүн текшилөөгө мүмкүндүк берет. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.

Related posts

УКМК: Сокулук районундагы 436 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

mediaportalk

Республика боюнча 614 миң га кунарсыз жайыт жерлерин өздөштүрүү зарыл

mediaportalk

Мароккодогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 2122 кишиге жетти

mediaportalk

Комментарий