КР УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды

КР УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына карата ар кандай чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзам бузуучулардан жана коомчулуктун алдында атайын кызматтын кадыр — баркына шек келтирген жана орду толгус зыян келтирген башка элементтерден тазалоого багытталган ички иш-чаралардын жүрүшүндө — Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР УКМК кызматкери подполковник С.М.ны кармады, ал акчалай сыйлык менен маселени чарбакер субъекттин уюштуруучусунун пайдасына чечүүнү көздөгөн.
2025-жылдын февралында чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруучусу тергөө менен жеке маселесин чечүү үчүн КР УКМК кызматкери подполковник С.М.га 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын бергени аныкталган. Бирок, УКМКнын жогоруда аталган кызматкери акча каражаттарын алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасын минималдаштыруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара алган эмес. Андан ары арыз ээси С.М.дан мурда берилген акча каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок, ал мурда алынган каражаттарды кайтарып бере алган эмес.
Аталган факты боюнча, 2025-жылдын 12-июнунда КР Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бардык жагдайлар такталган соң, подполковник С.М. дискредитацияга байланыштуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан бошотулду.
Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган кызматкер КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

admin

«Ар бир малдан 100 сомдон алышат экен». Жанар Акаев Ветеринардык кызматтагы коррупция жөнүндө

admin

Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселесин талкуулоо үчүн Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда 

admin

Комментарий