УКМК: 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

УКМКнын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик Агрохимиялык бирикмесинин мурдагы «Химиялык айыл чарба» ишканасына (Химия) тиешелүү болгон 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
СССР кезинде «Химия» Жумгал районунун айыл чарба муктаждыктары үчүн химиялык жер семирткичтерди өндүрүү менен алектенген.
СССР тарагандан кийин «Химия» «Жылдыз» АК болуп кайра түзүлүп, анын директору болуп Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну И.И. акционер болуп шайланганы аныкталды.
1996-жылдын 25-мартындагы №77 Мамлекеттик мүлк фондунун менчик укугу жөнүндө күбөлүгүнүн негизинде ишкананын мүлкү көрсөтүлгөн АКнын балансына өткөрүлүп берилген.
2006-жылдын январында «Жылдыз» АК «Жылдыз-Сервис» ЖЧКсына кайра түзүлгөн жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин бул ишкананын мүлкү банкрот деген шылтоо менен ЖЧКнын жетекчилиги тарабынан И.И.нин атынан сатылып кеткен, жыйынтыгында аймак кароосуз калган абалда калган.
«Жылдыз-Сервис» ЖЧКсынын кайтарылган жер тилкеси тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилди.

Related posts

Садыр Жапаров: «Ойлорун көчөдө же интернетте айта беришсин. Эч ким тыйбайт»

admin

Кочкордогу окуя боюнча 22 милиция кызматкери жазаланды 

admin

Белестүү жолдун баяны

admin

Комментарий