Ташиев Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин байлыгы 55 миллион долларга бааланганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов боюнча жаңы маалыматтарды коомчулукка жарыялады.

Анын айтымында, Абдувапов кызматта турган кезде ай сайын 50 миңден 100 миң долларга чейин пара алып турган. Мындан сырткары, анын мүлкү жалпы 55 миллион долларга бааланганын  белгиледи.

“Мындай коррупция менен байыгандар акыры кедей болуп калат. Ал азыр өлкөдөгү эң бай эмес, эң кедей адам болот”, — деди Ташиев.

Ташиевдин айтымында, Абдувапов электрондук товардык-транспорттук накладнойлор (ЭТТН) аркылуу алдамчылык схемаларын уюштурган. Бул иш-аракеттер бизнес коомчулугунда нааразычылык жаратып, көптөгөн ишкерлер митингдерге чыккан.

“Көп ишканалар ЭТТН колдонгусу келген жок, анткени ал аларды кысымга алуу жана пара алуунун куралына айланып кеткен”, — деп кошумчалады Ташиев.

Эске сала кетсек, Алтынбек Абдувапов 2024-жылдын аягында коррупцияга шектелип кармалган жана учурда анын иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Related posts

В Токтогульском районе 9 человек отказались от участия в организации «Йакын-Инкар»

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Бишкекте 13 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап  кетти

admin

Комментарий