Бишкекте 13 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап  кетти

Социалдык тармактын колдонуучулары «4-кабаттан кыз кулап кетти» деп видео таратып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 3-мартта болжол менен саат 22:49 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Төмөнкү Жалдагы көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап кеткен кыз тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция фактыны тастыктаган. 2010-жылы туулган кыз ошол күнү эшиги бекитилген үйдө жалгыз болгон. Ал курбулары менен сейилдөө үчүн терезеден шейшептерди улаштырып түшүп бара жатып, кулап кеткен. Учурда ооруканада.

Булак: Сереп

Related posts

Президент Садыр Жапаров Айгүл Жапарова менен Римге барды (видео)

admin

«Кумтөр Голд Компани» эки жерде жаңы кендерди ачты 

admin

Депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады

admin

Комментарий