УКМК: Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча З.Т.И. аттуу КР жараны кармалды

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР жараны З.Т.И. тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, буга чейин З.Т.И. узак убакыт бою Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына келген товарларды ташуу жана бажыдан өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген. Бул иштерде анын негизги колдоочусу мамлекеттик Бажы кызматынын мурдакы башчысы М.М.Ж. болгон. Анын жардамы менен ташылып келген жүктөрдү мыйзамсыз декларациялоонун ар кандай схемаларын колдонуу жолу менен эл керектөөчү товарлар өлкө аймагына импорттолгон. Мындай кылмыштуу аракеттер алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүнөн качуусуна өбөлгө түзгөн.

Мындан тышкары, З.Т.И. мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу менен алектенип, Бишкектеги «Паллада» казиносунун негиздөөчүсү болгон. Ошол эле учурда кумар оюндарын уюштуруудан түшкөн каражаттын эсебинен Р.Акматбаевдин жана «мыйзамдагы ууру» атыккан К.Асанбектин кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнө системалуу түрдө каржылык жардамдарды көрсөтүп, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө салтанаттуу иш-чараларда кымбат баалуу белектерди тапшырып турган. Белгилей кетсек, «Паллада» казиносунун мүлк комплекси өз убагын уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери Р.Акматбаев менен К.Асанбекке тиешелүү болгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «З.Т.И.»нин жашаган жеринен тиешелүү документтери жок «ПМ» жана «ПСМ» үлгүсүндөгү 2 даана номурлары өзгөртүлгөн күжүрмөн тапанчалары, «Сайга» жана «Тигр» маркасындагы ок атуучу куралдар, 1 даана Винчестер, 17 даана 9 мм, 22 даана 5,45х18 мм, 501 даана 7х62 мм, 300 даана 7,65х54 калибрдеги октор, 5 даана магазин, 250 даана 7,62х39, 39 даана 12 калибрдүү ок-дарылар табылып алынды. Ошондой эле, салмагы 20 грамм болгон «гашиш» баңги заты табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 25-августунда «З.Т.И.» кармалып, КР КЖК 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

29-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жалал-Абадда жер көчкү түшүп, бир үй-бүлө көчүрүлдү

admin

Бишкекте Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди (сүрөттөр)

admin

Комментарий