Чүйдө айыл аймагынын башчысы УКМКнын кызматкерине 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалды 

УКМК тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О. жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Айыл аймагынын жетекчиси жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, ал мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды. Мындан тышкары, шектүү комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүрүп, ошондой эле УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн.

Бул факты УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тактоо иш-чаралары башталып, анын жүрүшүндө шектүү текшерүү иштеринин жүрүшүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 12-апрелде айыл аймагынын жетекчиси УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү

admin

УКМК: Пара берип жаткан жеринен Ош облусунун Алай районунун тургуну кармалды — ВИДЕО

admin

Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда 

admin

Комментарий