Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 24-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, айрым жерлерде Таласта, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында жамгыр, күн күркүрөө, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчтүү болот. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, күн күркүрөө, бийик тоолордо кар, калгандарында негизинен жаан-чачынсыз.
Шамал батыштан 4–9 м/с, айрым жерлерде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15–20 м/с чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусу: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +21…+26°
- Талас облусу: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +18…+23°
- Баткен облусу: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +24…+29°
- Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +24…+29°
- Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +2…+7° (үшүк 0…–2°), күндүз +15…+20°
- Нарын облусу: түнкүсүн +2…+7° (үшүк 0…–2°), күндүз +17…+22°
Бишкек: түнкүсүн жамгыр, күн күркүрөө, күндүз жаан-чачынсыз. Шамал батыштан 4–9 м/с, түнкүсүн 14 м/с чейин күчөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26°.