КР УКМК: Бишкекте вебкам-студияларынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

   КР УКМК  тарабынан интернет аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу (вемкам-студия)  жана ага көмөктөшүү боюнча Ч.у.Э., Н.А.К., Р.Б.Р. жана А.к.Ш. аттуу жарандар кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды, алар Бишкек шаарында вебкам-студияларынын тармагын уюштуруп,  иштөөсүн камсыз кылган. 
   Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу максатында Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарынан батирлерди ижарага алып келишкени аныкталган.     Аталган аймактарда ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык кийимдер жана атрибуттар, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү ачык-айкын онлайн көрсөтүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган оюнчуктар табылып, алынган.
   Белгилей кетсек, веб-камерага моделдерди кабыл алуу социалдык тармактарда жарнама аркылуу ишке ашырылган. А.С.Н., С.А.С., Т.М.М., А.А.А., М.А.А., Т.М.У аттуу вебкам моделдерине карата административдик чаралар көрүлгөн.
   Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Путин ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлерин жана аскерлерин 9-майдагы парадга чакырды

admin

Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда 

admin

Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү. Жер мунапысы боюнча токтомдун 27-пункту алып салынды 

admin

Комментарий