Telegram аркылуу «ИГИЛ» уюмуна азгырылган кыргызстандык кармалды

Кыргызстандын жараны А.Ч.К. эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан «Телеграм» мобилдик тиркемеси аркылуу азгырылып, ГКНБ кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал интернет мейкиндигинде террордук уюмдардын идеологиясын изилдеп, бир нече жолу согуш жүрүп жаткан аймактарга чыгууга аракет жасаган. Ошондой эле ок атуучу курал сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Мындан тышкары, А.Ч.К. социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болуп, аларда тыюу салынган «ИГИЛ» уюмунун символдору түшүрүлгөн видеолорду тараткан. Анын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, «ИГИЛ» желеги жана уруксат кагаздары жок травматикалык тапанча табылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Каракол шаарындагы №27 тергөө абагына киргизилди. Тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

20 миң  сом. Катализатору жок айдаган унаалардын айдоочуларына 20 миң айып салуу сунушталды 

admin

Өлкөдө түнү жер титирөө катталды

admin

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий