Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо системасындагы коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө КР УКМК тарабынан ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 000 АКШ долларын опузалап алган укук коргоочу Н.Д.М. кармалды.

Тактап айтканда, Н.Д.М. аттуу жаран ар кандай мамлекеттик органдарда жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоп, ишеним кат менен иш алып барып, КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен түзүлгөн келишимге таянуу менен кылмыш иши боюнча соттолуучулардын бирин камактан бошотуу шылтоосу аркылуу 50 миң АКШ долларын опузалап алганы аныкталган.

2025-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Д.М.  20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.

Учурда тергөөнүн алкагында КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдарынын аталган Н.Д.М. тарабынан опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.

Related posts

Жапаров министрлерге: адилеттүү иштей албасаңар арыз жазып кеткениңер оң

admin

17-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кайрат Иманалиев: УТРК Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын үзбөй көрсөтөт

admin

Комментарий