Бишкектеги 2 мектеп менен 2 бала бакчада жылуулук берүү токтотулду

Авариялык кырдаалдан улам Бишкекте бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын мэриясынан №65 жана №39 мектепте, №173 жана №75 бала бакчаларда жылуулук жок болуп жатканын маалымдашты. «Билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Аталган уюмдарга жылуулук берүү токтотулган. Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү. Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

КР УКМК: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

admin

17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

admin

Трамп Зеленский Россия менен эпке келүүгө даяр экенин жар салды

admin

Комментарий