Жаратылышка өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы менен «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны, ошондой эле республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында, компаниянын башкы директору, Кытай жараны Т.Д. тарабынан «Кемин Ресурс Групп» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан “Долпран” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык зыян келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн КР Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматынын кызматкерлеринин арасынан текшерүү комиссиясы түзүлгөн.

Жыйынтыгында, аталган “Долпран” кенин жеринде текшерүү учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган: 14 398,6 м2 жер бети талкаланган, техникалык долбоор аткарылган эмес, жер бузулган, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилген жана «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары бузулган, ошондой эле «Кооптуу өнөр жай объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана «Ачык карьердик казып алуунун өндүрүш процесстеринин коопсуздугу эрежелеринин» бузулуусу аныкталган.

Мындан тышкары, экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Мындан улам, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 20-ноябрында Т.Д. аттуу алтын казуучу компаниясынын башкы директору кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген

Related posts

Бишкектеги машыгуу залындагы кол салуу: ИИМ тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алганын билдирди

admin

Камчыбек Ташиев шайлоо боюнча: «Добуш сатып албагыла»

admin

КР УКМК: Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды

admin

Комментарий