Министр: «Уруксатсыз иштеген менчик стоматологиялык клиникалардын ишин токтотуу керек»

Кечээ, 30-октябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында республиканын калкы үчүн стоматологиялык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланган Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйыны өттү.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө тиш ооруларын алдын алуу жана өспүрүм куракта ооз көңдөйүн дарылоо чоң кишилерде көптөгөн оорулардын алдын ала тургандыгын белгиледи.

«Уруксатсыз иштеген менчик клиникалардын ишин токтотуу керек. 2021-жылы менчик стоматологиялык клиникаларды текшере баштаганда 837 клиниканын дээрлик жарымынын лицензиясы жок болчу. Бул болсо өз кезегинде калкыбыздын ден соолугуна таасирин тийгизүүдө. Гепатит жана АИВ менен ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн», — деди министр.

Related posts

Камчыбек Ташиев Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан чек аралары бириккен аймакка барды

admin

Бишкектеги үч конушта ичүүчү суу өчүрүлөт 

admin

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү

admin

Комментарий