КР УКМК тарабынан комплекстүү негизде жүргүзүлүп жаткан бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Калкты каттоо департаментинин» кызматкерлеринин ортомчулук кызматын көрсөткөн жарандар менен алдын ала макулдашып уюштурулган мыйзамсыз схема аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында аныкталган маалыматтарга ылайык, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Калкты каттоо департаментинин» мурдагы директору «А.Т.Ж.», Бишкек шаарынын Биринчи май районунун «Калкты тейлөө борборунун» башкы адиси «П.А.Т.», Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Калкты тейлөө борборунун» жетектөөчү адиси «А.М.М.», «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери «Т.А.Ш.» жана «М.А.К.» аттуу ортомчу жарандын катышуусунда — мамлекеттик кызматтар боюнча «Калкты тейлөө борборлоруна» кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден көрсөткөн кызматтары үчүн мыйзамсыз акча каражаттарын алуу системасы уюштурулган.
Алдын ала иштелип чыккан схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документтерди тариздөө иштерин кезексиз, кыска убакта бүткөрүп берүүнү сунушташкан. Бул үчүн алар көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 дөн 10 000 АКШ долларына чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан. Андан соң мыйзамсыз алынган акча каражаттары аталган топтун катышуучуларынын арасында бөлүштүрүлгөн.
Мыйзамсыз схеманын баардык катышуучулары кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.






